• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда бир суткада COVID-19 жана пневмониядан 12 киши көз жумду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.12.20. /Кабар/. Казакстанда бир суткада 726 адамга коронавирус жукканы тест менен аныкталды. 170 кишиге коронавирус пневмониясы деген диагноз коюлду. Бир күндө Covid жана пневмониядан 12 адам кайтыш болду. Бул тууралуу 30-декабрда Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Март айынан бери 153 925 кишиге коронавирус жукканы тест аркылуу аныкталган, анын ичинен 141 731и айыгып, 2 274ү көз жумган.

Ушул тапта коронавирус инфекциясынан жана “коронавирус типтүү пневмониядан” 22 070 киши дарыланууда, 257 бейтаптын абалы оор, 45 киши өтө оор абалда. 41 бейтап өпкөнү жасалма желдетүүчү аппаратка кошулган.

Пикир

Оставить комментарий