• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанда кардарлары балмуздакка ууланган күркөнүн ээси соттолду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.12.18. /Кабар/. 5-декабрда Шымкенттин Аль-Фараби райондук соту «адамдардын массалык түрдө балмуздакка ууланышы» боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз катчысы Кабыл Дуйсенби билдирди.

Анын айтымында, сот жеке ишкер Дилмурат Ишмуратовду «Санитардык жана гигиеналык нормаларды бузуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, бир жылга эркинен ажыратып, коомдук тамактануу тармагында үч жыл ишкерлик менен алектенүүгө тыюу салды. Мындан тышкары сот ишкерди жабырлануучуларга моралдык жана физикалык чыгым катары бир жарым миллион теңге (4 миң доллардан ашык) төлөп берүүгө милдеттендирди.

«Тергөөнүн жүрүшүндө соттолуучунун күнөөсү толугу менен далилденди. Ал санитардык нормаларды бузганын мойнуна алды», - деп кошумчалады басма сөз катчы.

Марттын аягында Ишмуратовго таандык күркөдөн балмуздак сатып жеген 188 киши ууланган. Ага сальмонеллёз жана стафилококк инфекциялары себеп болгон.

Уулануу фактысы боюнча полицияга жүздөн ашык жабырлануучу арыз менен кайрылган.

Пикир

Оставить комментарий