• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда коронавирус жуктургандарды саны 7 миң 597 кишиге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Казакстанда өткөн сутка ичинде коронавирус инфекциясын 363 адам жуктуруп алганы аныкталды. Алардын үчтөн бир бөлүгү – Караганды облусунун тургундары.

Казакстандын Коомдук саламаттык борборунун маалыматына караганда, бул – эпидемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Учурда өлкөдө жалпысынан коронавирус инфекциясына чалдыккандардын саны 7 миң 597 кишиге жетти.

Караганды облусунда бир суткада 130 кишиден вирус аныкталды. Бир күн мурун эле илдетке кабылгандардын жалпы саны 300дү түзгөн.

Алматыда бүгүнкү 35 бейтапты кошкондо вирус жуктургандардын саны 2001 кишиге жетти.

Жалпысынан Нур-Султанда 1 миң 457, Чымкентте 539, Атырау облусунда 841 учур катталды.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, өлкө боюнча 3 миң 843 адам айыгып, 35 бейтап көз жумду.

Пикир

Оставить комментарий