• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанда окуучуларга мектеп формасыз сабакка катышууга уруксат берилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Алдыдагы окуу жылында окуучуларга мектеп формасыз сабакка барууга уруксат берилет. Бул тууралуу Казакстандын билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетов “Фейсбуктагы” баракчасында билдирди. Окуучулар сабакка классикалык үлгүдөгү кийим менен катыша алышат.

Министр мындай чечимди карантиндик чектөөлөр маалында соода жайларында узун кезек жаратпоо ниети менен байланыштырды. Буга кошумча экономикалык оор жагдайда айрым үй-бүлөлөрдүн форма сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок экени да эске алынган.

"Мектеп формасын колдогондон менен каршылык билдиргендердин пикирин таразалап, бардык жагдайды эске алып, биз окуучуларга мектеп формасында гана эмес классикалык стилдеги кийим менен келүүгө да мүмкүнчүлүк берүүнү чечтик" – деп жазды министр.

Казакстандын билим берүү жана илим министри май айында келерки жылы өлкөнүн билим берүү системасы аралыктан окутуу форматын көтөрө албай турганын билдирген.

Июль айында казак президенти өкмөткө окуучулар менен студенттердин салттуу форматта билим алышын камсыздоону тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий