• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кенекеев: Быйыл 150 айылдын суу маселеси чечилет деп турабыз

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.01.18 /Кабар/. Өткөн жылдары өлкөнүн 16 шаарынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу максатында, жалпысынан 135,6 млн евро көлөмүндө инвестиция тартылды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев Жогорку Кеӊеште калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жогорку Кеӊештин 2017-жылдын 23-ноябрындагы протоколдук тапшырмасынын аткарылышы боюнча «Өкмөтүк саатка» өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

«Ушу тапта өлкө аймагындагы 650 калктуу конушта таза суу көйгөйү бар, быйыл 150 айылдын суу маселеси чечилет деп турабыз. Ага негизинен курулушу мурда башталып, бирок каржы тартыштыгына байланыштуу токтоп калган айылдар кирди. Белгилей кетчү нерсе, калкты таза суу менен камсыз кылуу долбоорлоруна тышкы инвестицияларды тартуудан тышкары, республикалык бюджеттен да каражат каралууда. Өткөн жылы бул багытта 250 млн сом көлөмүндө каражат бөлүндү. Быйыл болсо, дагы 250 млн сом каралган», - дейт вице-премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий