• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрага Нурланбек Шакиев Талас облусуна иш сапары менен барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.11.23. /Кабар/. Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Талас облусундагы иш сапары башталды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алгач төрага Арал айылына барып, Касымкул Нанаев атындагы орто мектептин ачылышына катышты.

450 орунга ылайыкташкан билим берүү жайынын курулушуна жана окууга керектүү жабдуулар менен камсыздоого жалпы 124 млн сомдой каражат жумшалган.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн төрага Нурланбек Шакиев акыркы эки жылда мамлекет тарабынан мектеп, бала бакча, оорукана өңдүү жаңы социалдык мекемелерди курууга өзгөчө басым жасалып жатканын белгилеп: “Былтыр, Бишкек шаарында эле 17 жаңы мектеп салынса, быйыл жалпы республика боюнча 100 жаңы мектеп имаратын ачуу мерчемделген. Анын токсону бүтүп, дагы ону жыл аягына чейин пайдаланууга берилери күтүлүүдө. Андан тышкары, көп жылдан бери чечилбей келе жаткан инфраструктарлык көйгөйлөрдү жоюу жаатында да алгылыктуу иштер аткарылып, аймактардагы жолдорду жаңылоо, калкты суу менен камсыздоо өңдүү долбоорлор ишке ашырылууда”, – деди.

Муну менен катар жасалып жаткан реформаларга да токтолгон төрага: “Ырааттуу жүргүзүлгөн саясаттын негизинде социалдык-экономикалык багытта бир топ ийгиликтерге жетиштик. Алсак, 2020-жылдары республикалык бюджеттин көлөмү 240 млрд сомдун тегерегинде гана болсо, анын көлөмү жылдан-жылга артып, кийинки жылдын бюджети 657 млрд сомдун айланасында болору белгиленди. Жылда таңкыстык менен бекитилген бюджет, кийинки жылы профицит менен бекитилгени турат”, – деп кошумчалады.

Мындан сырткары, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу менен кылмыштуу топторго каршы күрөш күчөтүлгөнүн айткан Нурланбек Шакиев мыйзамсыз көрүнүштөрдү азайтуу аркылуу ички мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен гана өлкөнү өнүктүрүүгө болорун белгиледи.

Сөзүнүн аягында мугалимдерди жана окуучуларды жаңы мектеби менен куттуктап: “Агартуу жана саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрбөсөк, мамлекетибиздин келечеги бүдөмүк бойдон калат. Андыктан, билим берүүнүн жана медициналык тейлөөнүн сапатын арттыруу ишин жигердүү улантып, керектүү шарттарды түзүшүбүз керек. Ошондо гана ден соолугу чың, билимдүү коомду жаратып, өнүккөн өлкөнү кура алабыз. Ал эми бүгүнкү ачылып жаткан мектептен элге кызмат кылып, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан улан-кыздар өсүп чыгат деген ишеничтемин”,– деген Жогорку Кеңештин Төрагасы жаңы мектепке 300 миң сом каржылык жардам көрсөттү.

Эскерте кетсек, Нурланбек Шакиевди депутаттар Русланбек Жакышов, Гуля Кожокулова, Гүлкан Молдобекова, Марат Мураталиев, Бактыбек Чойбеков, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу баштаган тиешелүү жетекчилер коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий