• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте "Улуттук өнүгүү форуму-2023: "Жакырчылык жана теңсиздик" форуму өтүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 03.11.23. /Кабар/. Бишкек шаарында министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында "Улуттук өнүгүү форуму-2023: "Жакырчылык жана теңсиздик" форуму өтүүдө.

Форум Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун видео кайрылуусу менен башталды.

Президент 2023-жылдагы Улуттук өнүктүрүү форумунун катышуучуларына болгон кайрылуусунда өзүнүн ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыты катары калктын жашоосун жакшыртууну атады.

"Жалпы элибиздин гүлдөп-өнүгүшү менин негизги максатым болуп саналат! Учурда мамлекеттик бийликтин бардык тутуму алдында дал ушул милдетти коюудамын. Кыргызстанда калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу, жакырчылыкты жана теңсиздикти жоюу мамлекеттин жалпы экономикалык, финансылык жана социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыты болушу тийиш", - деди президент.

Ошондой эле форумдун жүрүшүндө Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын орун басары Амина Мохаммеддин видео кайрылуусу угулду.

Андан соң министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө синистрлер кабинетинин башчысы өткөн жылы "өкмөт ак ниет жана натыйжалуу башкаруунун принциптерин илгерилетүү боюнча олуттуу ийгиликтерге жетишти" деп белгиледи.

"Биз мамлекеттик кирешелерди олуттуу түрдө жогорулатып, коомдо мыйзамдын үстөмдүгү принцибин, тартипти орнотуп, эл аралык коомчулуктун жана чет элдик инвесторлордун ишенимин кайтара алдык", - деди Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин башчысы улуттук өнүгүүнүн беш негизги максатына токтолду.

Ал биринчи максатты финансылык башкаруу жана административдик реформа чөйрөсүндө мамлекеттин институционалдык потенциалын чыңдоо саясатын улантуу деп белгиледи.

Акылбек Жапаровдун айтымында, экинчи максат – "инновациялык өнүгүүнүн жана социалдык бакубаттуулуктун негизи катары билим берүү жана саламаттык сактоо тармагындагы кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу" болушу керек.

"Туруктуу экономикалык өсүшкө жана жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшүүчү стратегияларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу. Өзгөчө көңүл аймактарды өнүктүрүүгө бурулат. Төртүнчүсү ресурстарды мобилизациялоо, жаңы технологияларды жана билимдерди өздөштүрүү үчүн эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүү болот. Дүйнөлүк каржы рынокторуна чыгуу, экспортту илгерилетүүгө жана чет элдик инвестицияларды тартууга олуттуу басым жасоо.

Ал эми бешинчиси – экологиялык туруктуулукту илгерилетүү, өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн климаттын глобалдык өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу жана анын кесепеттерин жумшартуу", - деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы.

Ошондой эле ал өлкөнү өнүктүрүүнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнө өзгөчө көңүл бурду.

"Эгерде 2020-жылы ИДП 639 миллиард сомду түзсө, 2024-жылы экономикабыз 1 триллион, 258 миллиард сомго жетет, кеп үч жыл ичинде ички дүң продукцияны эки эсеге көбөйтүү жөнүндө болуп жатат", - деди Акылбек Жапаров.

Сөзүнүн соңунда министрлер кабинетинин төрагасы өлкөгө көрсөтүлүп жаткан жардамы үчүн БУУ тутумуна ыраазычылык билдирди.

"Жакырчылыкка каршы күрөш улуттук деңгээлден дүйнөлүк деңгээлге чейин көптөгөн координацияланган күч-аракеттерди талап кылган татаал жана көп кырдуу процесс. Кыргызстан жакырчылыкка каршы күрөштө олуттуу аракеттерди көрүп жатат жана бул ишти уланта бермекчи", - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий