• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров улуттук өнүгүүнүн беш негизги максатына токтолду

Өкмөт 0

Бишкек, 03.11.23. /Кабар/. Бишкекте "Улуттук өнүгүү форуму-2023: "Жакырчылык жана теңсиздик" форуму өтүүдө. Иш-чара министрлер кабинетинин төрагасы – Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында өтүп жатат.

Форумдун жүрүшүндө сөз сүйлөгөн министрлер кабинетинин башчысы улуттук өнүгүүнүн беш негизги максатына токтолду.

Ал биринчи максатты финансылык башкаруу жана административдик реформа чөйрөсүндө мамлекеттин институционалдык потенциалын чыңдоо саясатын улантуу деп белгиледи.

Акылбек Жапаровдун айтымында, экинчи максат – «инновациялык өнүгүүнүн жана социалдык бакубаттуулуктун негизи катары билим берүү жана саламаттык сактоо тармагындагы кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу» болушу керек.

"Туруктуу экономикалык өсүшкө жана жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшүүчү стратегияларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу. Өзгөчө көңүл аймактарды өнүктүрүүгө бурулат. Төртүнчүсү ресурстарды мобилизациялоо, жаңы технологияларды жана билимдерди өздөштүрүү үчүн эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүү болот. Дүйнөлүк каржы рынокторуна чыгуу, экспортту илгерилетүүгө жана чет элдик инвестицияларды тартууга олуттуу басым жасоо.

Ал эми бешинчиси – экологиялык туруктуулукту илгерилетүү, өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн климаттын глобалдык өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу жана анын кесепеттерин жумшартуу", - деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий