• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Дубай ЭКСПО-2020» Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө КРнын катышуусу жана даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

Өкмөт 0


Бишкек, 07.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү буйрук долбооруна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койгон. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Аталган чечимКыргыз РеспубликасынынДубай шаарындагы (Бириккен Араб Эмираты, БАЭ) «Дубай ЭКСПО-2020» Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгөкатышуусу жана ага даярдык көрүүсү боюнча ишти уюштуруу максатында кабыл алынды.

Кол коюлган документке ылайык, Кыргыз Республикасынын Дубай шаарындагы «Дубай ЭКСПО-2020» Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө катышуусу жана ага даярдык көрүүсү боюнча уюштуруу комитетинин курамы бекитилген.

Уюштуруу комитетине Дубай шаарында (БАЭ) 2020-жылдын 20-октябрынан тартып 2021-жылдын 21-апрелине чейин өтүүчү Дубай ЭКСПО-2020» Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүнө Кыргыз Республикасынын катышуу концепциясын жана Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк көргөзмөгө катышуусу жана ага даярдык көрүүсү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуусу жана бекитүүсү тапшырылган.

Дубай шаарындагы «Дубай ЭКСПО-2020» Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүндө улуттук көргөзмө оператору катары Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы аныкталып, ага бардык уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча функциялар ыйгарылган.

Белгилесек, ушул жумада Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Санжар Муканбетовдун төрагалыгы астында Дубай шаарындагы «Дубай ЭКСПО-2020» Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын катышуусу жана ага даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин алгачкы кеңешмеси өтөт.

Маалымат үчүн:

«Дубай ЭКСПО-2020» Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө Дубай шаарында (БАЭ) 2020-жылдын 20-октябрынан тартып 2021-жылдын 21-апрелине чейин өтөт жана Жакынкы Чыгыш, Африка жана Туштук Азия (ЖЧАТА) аймагындагы араб мамлекетинде өтүүчү биринчи бүткүл дүйнүлүк көргөзмө болуп саналат. Көргөзмөнүн аймагы аудиториясы 25 миллиондон ашуун келүүчүлөр эсепке алынган – анын ичинен 70% чет элдиктер, бул ЭКСПО өткөрүлүп келген мезгилден тарта чакырылган чет элдик көрүүчүлөрдүн саны эң көп болгондугунан кабар берет. Ошондой эле, көргөзмөнүн ишине 180 өлкөнүн катышуусу күтүлүүдө.

Дубайдагы 2020-жылы өтө турган ири эл аралык көргөзмөнүн негизги темасы –«Акыл-эсти бириктирүү, келечекти куруу».

Көргөзмөдө илимий-техникалык прогресс (инновациялар), экономикалык жана жөнгө салуучу өзгөртүүлөр (экономикалык интеграция), адам ресурстарынын өнүгүүсү жана социалдык өнүгүүсү (өз ара түшүнүшүү) ар кандай багыттары көрсөтүлөт.

Дубай-ЭКСПО концепциясына ылайык, бардык өлкөлөрдүн жайгашкан орду жана социалдык-экономикалык абалына карабастан иш чарага катышуу мүмкүндүгү камсыз болот. Дүйнөнүн бардык тарабынан эксперттер, ири жана чакан компаниялардын өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдар, билим берүү чөйрөсүндөгү кызматкерлер өздөрү тууралуу билдирүү мүмкүндүгүн алышат. Ушуга байланыштуу «Дубай - ЭКСПО 2020» Жогорку комитети келечектеги катышуучулардын бардык зарыл болгон чыгымдарын жаба турган атайын комплекстүү программаны иштеп чыккан.

Көргөзмө «Dubai South District» атайын аймагында жайгашат, бул «Dubai World Central», Абу-Даби эл аралык аэропорту жана Дубай шаарынын эл аралык аэропортунун райондорунун ортосундагы эл аралык транзиттик борбор болуусуна мүмкүндүк берип, ошол эле учурда «Джебель-Али» портуна түздөн-түз жакын жайгашат.

Пикир

Оставить комментарий