• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кепилдик фонд жана Жашыл климаттык фонд "жашыл" экономика долбоорлору жаатында кызматташат

Экономика 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын делегациясынын Кореяга болгон жумушчу сапарынын алкагында "Кепилдик фонд" ААКтын башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров Жашыл климаттык фонддун өкүлдөрү менен жолугушту.

"Кепилдик фондунан" кабарлашкандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар “жашыл” экономиканын алкагында өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.

Ошондой эле уюмдардын ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери тууралуу маалыматтар менен алмашышты.

Өзгөчө көңүл жашыл ишкердикти өнүктүрүү аркылуу климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн банктар аркылуу жашыл кредит берүүгө бурулду.


Маалымат үчүн: Жашыл климат фонду 2010-жылы БУУнун Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 16-конференциясында 194 өлкөнүн өкмөттөрүнүн катышуусунда түзүлгөн.

Уюм өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө парник газдарынын эмиссиясын кыскартууга, миграциянын терс кесепеттерине каршы турууга жана аялуу жамааттарды климаттын өзгөрүшүнүн сөзсүз кесепеттерине ыңгайлаштырууга жардам берүү үчүн түзүлгөн эң ири глобалдык фонд.

Пикир

Оставить комментарий