• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Равшан Жээнбековдун жер тилкеси мамлекеттин пайдасына кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Равшан Жээнбековдун жер тилкеси мамлекеттин пайдасына кайтарылды, деп билдирет КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Талас облусунун Киров суу сактагычынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 4 гектар болгон "Эдельвейс-Тур" эс алуу зонасы мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылды.

Баалоо экспертизасынын корутундусуна ылайык, жеңил конструкциядагы административдик имараттары бар жер тилкесинин баасы 16 млн 871 миң сомду түзөт.

"Аталган жер тилкеси 2000-жылдардын аралыгында КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жетекчиси болуп турган Равшан Жээнбеков менен аффилирленген жактарга мыйзамсыз берилгени аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий