• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: "Семетей" обсервациясында бейтаптар үчүн 500гө жакын орун бош

Коом 0


Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропортунун аймагындагы "Семетей" ("Ганси") госпитализация пунктунда бейтаптар үчүн 485 орун бош. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган обсервациянын жандандыруу бөлүмүндөгү алты бейтаптын абалы турукташып, корпустардагы орундуктарга которулган.

“Семетей” госпитализация пунктунун башкы дарыгери Кутман Мурзакалыков билдиргендей, кечээ жалпысынан "Гансиден" 27 бейтап айыгып чыккан.

23-июлга карата “Семетей” госпиталында бейтаптарды дарылоо үчүн 600 орундук бакан болсо, анын ичинен 115де бейтаптар дарыланып жатат, калган 485 орун бош. Ал эми жандандыруу бөлүмүндө 50 орун бар болсо, учурда оор абалдагы 27 бейтап бар, калган 23 орун бош турат.

Пикир

Оставить комментарий