• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жаш көрүүчүлөр театрынын актрисасы Турдубүбү Мамытова дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады. 2020-жылдын 4-августунда 59 жашында Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын актрисасы, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери Турдубүбү Мамытова дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу театрдын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мамытова Турдубүбү Тостоновна - 1961-жылы 11-декабрда Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Алыш айылында жарык дүйнөгө келген.

Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин бүтүргөн. 1987-1995-жылдары М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында актриса болуп эмгек жолун баштаган.

1995-жылдан бери Кыргыз Мамлекеттик Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында актриса болуп эмгектенген.

Пикир

Оставить комментарий