• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өкмөт 100 миң сомго чейин насыя алган жарандарга жардам берет. Ал үчүн 1 млрд 253,2 млн сом бөлүнөт

Өкмөт 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. 13-ноябрь күнү Кыргызстандын финансы-кредиттик уюмдарынан насыя алган жарандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө токтомго кол коюлду. Бул тууралуу Өкмөттүн сайтында айтылат.

Документте айтылгандай, Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарынан кредит алган жана COVID-19 коронавирустук инфекция пандемиясынан улам келип чыккан эпидемиологиялык жана социалдык кырдаалга байланыштуу оор социалдык-экономикалык абалга кабылган зайымчыларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын банк жана финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

Финансы-кредиттик уюмдарга (кредиттик бирликтерден, лизинг компанияларынан жана күрөөканалардан тышкары) төмөнкүлөр сунушталсын:

1) 2020-жылдын 1-октябрына чейин кредиттин/каржылоонун 100 000 (жүз миң) сомдон ашпаган алгачкы негизги суммасын алган зайымчыларды 2020-жылдын декабрында жана 2021-жылдын январь-февралында эсептелүүчү пайыздарды/кошмо бааларды төлөөдөн бошотуу. Зайымчынын 100 000 (жүз миң) сомго чейинки сумманын чегинде параллелдүү кредити/каржылоосу болгон учурда зайымчынын финансы-кредиттик уюмду жана тийиштүү кредитти/каржылоону тандоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызына ылайык бир гана финансы-кредиттик уюмдагы бир кредит/каржылоо боюнча пайыздар/кошмо баалар компенсацияланууга тийиш;

2) ушул токтомдун 1-пунктунун 1-пунктчасынын шарттарына туура келген зайымчылардын реестрин зарыл болгон суммадагы субсидияны көрсөтүү менен ай сайын түзүү жана отчеттук ай аяктаган күндөн кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүү;

3) ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып 10 (он) календардык күндүн ичинде ушул токтомдун 1-пунктунун 1-пунктчасынын талаптарына ылайык пайызды/кошмо бааларды субсидиялоо суммасы жөнүндө зайымчыларды кабарлоо;

4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына субсидиянын суммасы которулган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбестен алынган субсидиянын суммасы боюнча отчетту берүү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына төмөнкүлөр сунушталсын:

1) 2020-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен эсептелүүчү пайыздарды/кошмо бааларды субсидиялоо жөнүндө макулдашууну түзүү үчүн финансы-кредиттик уюмдардын жыйынды реестрин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берүү;

2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү берүү:

- ушул токтомдун 1-пунктунун 2-пунктчасына ылайык зайымчылардын реестрин, ошондой эле ушул токтомдун 1-пунктунун 2-пунктчасына көрсөтүлгөн маалыматты алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине даректелген финансы-кредиттик уюмдардын табыштамаларын;

- финансы-кредиттик уюмдарга субсидиянын суммасы которулган күндөн тартып 7 (жети) жумуш күндөн кечиктирбестен финансы-кредиттик уюмдарга берилген маалыматтардын негизинде финансы-кредиттик уюмдар боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча жыйынды отчетту;

3) ушул токтомдун 1-пунктунун шарттарына туура келген зайымчылардын реестринде берилген маалыматтардын аныктыгын контролдоону жана инспектордук текшерүүлөрдүн алкагында кредиттерди тандап текшерүү аркылуу финансы-кредиттик уюмдар тарабынан алынган субсидиялардын максаттуу пайдаланылышын текшерүү.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда Кыргыз Республикасынын зайымчы-резиденттерине
2020-жылдын 1-октябрына чейин берилген кредиттер/каржылоо боюнча пайыздарды/кошмо бааларды финансы-кредиттик уюмдарга субсидиялоо үчүн салыктык эмес кирешелердин эсебинен 1 253 216 000,0 (бир миллиард эки жүз элүү үч миллион эки жүз он алты миң) сом суммасындагы акчалай каражатты карасын;

2) финансы-кредиттик уюмдар менен эсептелүүчү пайыздарды/кошмо бааларды субсидиялоо жөнүндө макулдашууларды түзсүн;

3) финансы-кредиттик уюмдардын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине даректелген субсидия алууга берилген табыштамалары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан алынган датадан тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде субсидиянын эсептелген суммаларын финансы-кредиттик уюмдарга ай сайын которсун.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий