• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өкмөт жайга чейин айрым консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын төмөндөтүүнү пландоодо

Коом 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Өкмөт жайга чейин айрым консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын 10-30%га төмөндөтүүнү пландоодо. Бул тууралуу экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев брифингде билдирди.

"Аталган чаралар пандемия учурунда жана оор экономикалык кырдаалда чет өлкөлөрдө иштеген кыргыз жарандары үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылууга багытталган", - деди ал.

Төмөнкү консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы төмөндөйт:

- Кыргызстанга кайтып келүү үчүн күбөлүк берүү;
- баланын жарандыгын тандоо боюнча документтерди каттоо;
- Кыргызстандын чет өлкөлүк мекемелери жүргүзгөн нотариалдык аракеттер.

Белгилей кетсек, баалар 2021-жылдын 1-июнуна чейин төмөндөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий