• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМден Баткенге жардам көрсөтүү максатында канча каражат чогулганын айтышты

Коом 0

Бишкек, 01.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Баткенге жардам көрсөтүү максатында канча каражат чогулганын айтты.

Шамырканов ӨКМдин алдында атайын эсеп ачылганын айтат.

“Учурда 1 млн 200 миң сом түштү. Мындан сырткары, Ош шаарынан азык-түлүккө жана биринчи кезекте керектелүүчү товарларга деп 1 млн 442 миң 997 сом каражат чогултулду. Анын ичинен биринчи каттам менен 1 млн 319 миң сом каражатка азык-түлүк алынып, учакка жүктөлдү. Ош облусунан 21 тонна 968 кг азык-түлүк чогултулду. Ал дагы жүктөлдү. Жалал-Абад облусунан 40 тонна жүк келип, министрдин коштоосу менен Лейлекке бара жатат. Ошондой эле Таластан 400 миң сомго дары-дармектер алынып, жолго чыкты”, - дейт ал.

Министрдин орун басары Ысык-Көл облусунан 316 миң, Нарындан 829 миң 640 сом чогулганын кошумчалады.

“Аны акчалай же азык-түлүк түрүндө беребиз”, - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий