• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КМШ өлкөлөрүнүн юстиция министрлеринин кеңешинин ХV жыйыны болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 15-декабрында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышкан өлкөлөрүнүн юстиция министрлеринин кеңешинин ХV жыйыны видеоконференцбайланыш форматында өттү. Бул тууралуу КР Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул жылы жыйын КРнын юстиция министри Аяз Баетовдун төрагалыгы менен өткөрүлдү.

Иш-чарада КРнын Юстиция министри өлкөдө ишке ашырылып жаткан ченемдик-укуктук актыларды масштабдуу инвентаризациялоо жана алардын мазмунун де-бюрократташтыруу боюнча министрликтин демилгеси, анын ичинде мамлекеттик кызматтын мобилдүүлүгүн арттыруу жана өлкөнүн бардык укуктук тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле юстиция тутумунда жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Кеңештин мүчөлөрү ченемдик укуктук актыларды жана алардын долбоорлорун укуктук экспертизадан өткөрүү жана нотариалдык иштерди өркүндөтүү боюнча жаңы ыкмаларды талкуулашты. Калктын укуктук аң-сезимин жогорулатууда жана укуктук агартууда КМШнын Юстиция министрликтеринин ролу өзгөчө белгиленди.

Иш-чарага Армения Республикасынын юстиция министри К. Андреасян, Беларусь Республикасынын юстиция министри С. Хоменко, Россия Федерациясынын юстиция министринин биринчи орун басары Е. Забарчук, Тажикстандын юстиция министри М. Ашуриён, Өзбекстан Республикасынын юстиция министри Р. Давлетов катышты.

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышкан өлкөлөрүнүн Юстиция министрлеринин кеңешинин он алтынчы жыйыны 2022-жылы Россия Федерациясында өткөрүү макулдашылды.

Маалымат үчүн: Юстиция министрлеринин кеңеши 2005-жылы 26-августунда Казань шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышкан өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын кеңешинин чечими менен түзүлгөн.

Кеңештин милдеттерине: катышуучу мамлекеттердин Юстиция министрликтеринин кызматташтыгын координациялоо жана камсыздоо, КМШга катышкан өлкөлөрдүн мыйзамдарын шайкеш келтирүү; достук байланыштарды өнүктүрүү жана мыйзамдар жөнүндө, укуктук саясатты түзүү жана ишке ашыруу жөнүндө маалыматтарды алмашуу кирет.

Пикир

Оставить комментарий