• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кой-Таш окуялары - саясатчылар үчүн сабак - Шерадил Бактыгулов

Коом 0

Бишкек, 07.08.20 /Кабар/. Бүгүн, 7-август күнү былтыр Кой-Ташта болгон окуяларга бир жыл болот. Саясий серепчи Шерадил Бактыгулов Кой-Ташта болгон окуялар боюнча ою менен бөлүштү.

"Кой-Таштагы окуялар саясатчылар үчүн сабак. Окуялар учурунда "Альфа" бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары каза болду, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери түрдүү жаракат алышты, жарандар арасында жаракат алгандар болду. 24-25-июлда Алмазбек Атамбаев Москвада болуп келгенин эстен чыгарбаш керек. Андан кийин ар кандай билдирүүлөр айтылды. Ал мурда айтылгандарды чийип салды. Ал "талаптар аткарылбаса, аягына чейин барарын" айтты. Бир жагынан ал туруктуулук керек экенин түшүнөт, башка жагынан бизде кандай болуш керек деген идеяларын айтат", - дейт ал.

Ал бардык талаштуу маселелерди укуктук талаада чечүү керектигин айтат.

"Башкы жыйынтык - бардык талашты укуктук талаада чечүү керек. Мурдагы президент ал тууралуу мурун айткан болсо, ал өзү укуктук талаадан чыкты. Ал саясий сабырдын, прагматизмдин жана алдын ала көрүүнүн маселеси. Мисалы, бардык мыйзам долбоорлору натыйжаны көрсөтүшү керек. Биздин элитада мындай мамиле жок. Эгер аны блогер айтса бир жөн. Аны депутат же саясатчы айтып жатса ал башка нерсе. Кесепеттери башка. Ушул нерсени ойлонуу керек", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий