• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Конституциялык соттун төрагасы жана башка кызматкерлер кызмат абалынан пайдаланган деп айыпталууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. КР Конституциялык сотунун төрагасы жана башка кызмат адамдары тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын сот тутумунун жооптуу кызматкерлерине карата жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы жана башка кызмат адамдары тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын одоно бузуу фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, КР Конституциялык сотунун төрагасы жана башка жетекчи кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын мамлекеттин кызыкчылыгына каршы пайдаланып, Конституциялык соттун судьяларынын чет өлкөлүк иш сапарларына арналган чакыруу каттарын жашырып, аларды өздөрүнүн жеке кызыкчылыгына, ошондой эле чет өлкөлүк сапарларга жакын туугандарын чыгаруу максаттарына пайдаланышкан.

Бул фактылар боюнча КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголду, б.а. өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыктар үчүн жасалган жосун.

Пикир

Оставить комментарий