• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коопсуз шаар: «112» уюлдук тиркемеси тесттик режимде ишке киргизилүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 22.03.19. /Кабар/. «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун алкагында пилоттук «112» уюлдук тиркемеси тесттик режимде ишке киргизилүүдө. Ага ар бир активдүү жаран өзү күбө болгон кырсык же укук бузуу боюнча, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу кайрыла алат. Тиешелүү мамлекеттик органдар жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында уюлдук тиркемени иштеп чыгуучулар билдиришти.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан иштелип чыккан пилоттук «112»уюлдук тиркемесинин бет ачары өттү, аны Google Play аркылуу жүктөп алууга болот. Уюлдук тиркеме азырынча Android операциялык тутумунун базасындагы жабдууларда иштейт.

Тиркемени иштеп чыккандардын маалыматы боюнча, кырсыктарга жана коомдук тартипти бузууларга күбө болгон ар бир жаран сүрөт, аудио жана видео материалдарды тартып алып, аларды «112» линиясына билдирүү аркылуу жөнөтөт.

«Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүүнү алган соң, жарандын билдирүүсүн алгандыгы жана мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте тиешелүү чаралар көрүлгөнү, ошону менен бирге кайрылууга жооп кайтарууга жооптуу орган тууралуу жаранга кабарлоого тийиш. Жоруктар жана укук бузуулар боюнча кайгуул кызматтары жерине баруу менен ыкчам жооп кайтарышат», - деп белгиледи Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам жооп кайтаруу башкармалыгынын башчысынын орун басары Айбек Картайганов.

Белгилей кетсек, азыркы учурда иштөөсүн изилдеп чыгуу максатында «112» уюлдук тиркемеси тесттик режимде киргизилип жатат. Тесттик ишке киргизүүнүн жыйынтыктары алынып жана иши туураланган соң уюлдук тиркеме толук кандуу колдонууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий