• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коронавирустун индиялык штаммы Өзбекстандан табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Коронавирустун индиялык штаммы Өзбекстанга Россиядан келиши мүмкүн. Бул тууралуу Өзбекстандын Инновациялык өнүгүү министрлигинин алдындагы өнүккөн технологиялар борборунун директорунун орун басары Алишер Абдуллаев билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстанда коронавирус оорусунун көбөйүшүндө аталган штаммдын таасири бар, бирок анчалык кооптуу эмес.

“Анын негизги себеби эмдөөдөн өткөн адамдардын пайызынын төмөндүгү. Жарандардын эмдөөдөн баш тартуусу, ошондой эле адамдардын социалдык аралыкты жана башка карантиндик чектөөлөрдү таптакыр тоготпогондугу оорунун көбөйүшүнө алып келүүдө”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий