• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алматыда кабелдик телеоператордун мүлкү камакка алынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.04.18 /Кабар/. Казакстанда “Алма ТВ” ири кабелдик телеоператоруна ээлик кылган компаниянын 2,1 миллиард теңгегеден ашык (6,7 миллион доллар) кыймылсыз мүлкү жана акчасы камакка алынды. Бул тууралуу Казакстан биржалык фонду (KASE) билдирди.

“Азаттыктын” казак кызматы кабелдик телеоператордун маалымат кызматына камактын себебин тактоо боюнча кат жөнөттү. Бул арада жергиликтүү ММКлар соттук иштерге мүлк талаш себеп болгонун жазышууда.

Соттук актылар базасындагы маалыматка караганда, Интеллектуалдык менчик укуктарын башкаруу коому 2017-жылы 2 180 388 000 теңге өлчөмүндөгү компенсация өндүрүп алуу өтүнүчү менен «Алма Телекоммуникейшнс Казахстан» компаниясын сотко берген.

Биринчи инстанциядагы сот арызды канаатандырган эмес. Доочу чечимди даттанган. Алматы шаардык сотунун жарандык иштер боюнча коллегиясы «Алма Телекоммуникейшнс Казахстан» компаниясы «WebContent» компаниясына таандык мүлктөрд пайдаланууда мыйзам бузган деген бүтүмгө келген.

Соттун чечимине ылайык, «Алма Телекоммуникейшнс Казахстан» Интеллектуалдык менчик укуктарын башкаруу коомуна 2 180 388 000 теңге төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий