• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коррупция фактысы боюнча депутат Артыкбаев камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.06.18. /Кабар/. Коррупция фактысы боюнча депутат Осмонбек Артыкбаев камакка алынды,-деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

2018-жылдын 5-июнунда КР Башкы прокурору КР ЖК депутаты О.Артыкбаевге карата “Бишкек ЖЭБ Модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесини 1-бөлүмүндө (Коррупция) каралган кылмыш белгилерине ылайык кылмыш ишин козгоду.

"Козголгон кылмыш ишинин алкагында КР ЖК депутаты О.Артыкбаев КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесини 1-бөлүмү (Коррупция) боюнча каралган кылмышка шектүү адам катарым УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын тергөө камак жайына киргизилди",-деп айтылат маалыматта.

Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий