• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте милиция кызматкери жаранга ок чыгарды деп шектелүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.08.21. /Кабар/. Бишкекте милициянын кайгуул кызматкери жаранга ок чыгарды деп шектелүүдө. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 27-августта болжол менен саат 21:30 чамасында Бишкек шаарынын Свердлов районунун милиция бөлүмүнө Жибек-Жолу проспектиси менен Гоголь көчөсүнүн кесилишиндеги мечиттин жанында бир адам октон жараат алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерде 32 жаштагы А.Ч аттуу жаран милициянын кайгуул кызматынын кенже инспектору Д.Ж.нын тапанчасынан көкүрөк аймагына ок тийип, жаракат алган.

Тез жардам бригадасы жарадар болгон А.Ч. биринчи жардам көрсөтүп жана реанимациялык иш-чараларды жүргүзүшкөн. Бирок алган жараатынан улам эсине келбей каза болгон.

Аталган окуя Свердлов районунун милтциясынын маалыматты каттоо журналына катталган.

Окуя болгон жерди кароо учурунда мечиттин батыш тарабындагы унаа жүрүүчү бөлүгүндө асфальттын бетинде бир даана гильза, кара-күрөң түстөгү заттын издери (алдын ала кан) жана кара-күрөң түстөгү зат менен тампон алынган. Мындан тышкары, жанындагы видеокамералардан жазуулар алынып, тергөө материалдарына кошулган.

Чогулган материалдар Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасына жөнөтүлүп, андан кийинки тергөө Бишкек шаары боюнча УКМКнын өндүрүшүнө өткөрүлүп берилген.

Аталаган факт Свердлов районунун прокуратурасынын Кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, Жазык кодексинин 321-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен шектүү Д.Ж. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий