• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

КР ЕЭКке Казакстан менен чектешкен жердеги ветеринардык көзөмөлдү алып салууну сурап кайрылды

Коом 0

Бишкек, 01.08.18. /Кабар/. Кыргызстан Евразиялык экономикалык комиссияга (ЕЭК) Казакстан чек арадагы ветеринардык көзөмөлдү алып таштоодон баш тартканына байланыштуу кайрылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Ашырбай Жусупов билдирди.

Анын айтымында, 13-августта ЕЭКтин инспекторлорунун келиши күтүлүүдө.

“Буга чейин ЕЭКтин комиссиясы бир нече ирет келген. Акыркы жолу 2016-жылы келишкен. Казакстандан башка Евразия экономикалык биримдигинин бардык мүчө-өлкөлөрү биздин системаны эквиваленттүү деп табышкан. Биз ЕЭКтин жыйынтыктоочу сапарын августта күтүп жатабыз. Алар кайрадан Кыргызстандын ветеринардык системасын текшеришет”, - деди ал.

Чек арадагы текшерүүнү албай жатышканынын негизги себеби, Жусуповдун пикири боюнча - Казакстандын аларда шарп оорусу жок экендигин айтышында.

“Аларда буга чейин 9 облусу шарптан бошотулду. Бүгүнкү күндө эркин зонага дагы 5 облус кирди. Бизде дагы аймак шарптан эркин болуп саналат, бирок вакцинация менен. Бул биз ЕАЭБдин башка мүчөлөрү катары эт өндүрүмдөрүн экспортто аларыбызды билдирет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий