• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

10-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 05.01.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 6-январдан 10-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

6-7-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-январд күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

9-10-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

6-7-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-январда түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн.

8-январда күндүз жана 9-10-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

6-8-январларда туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

6-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-январда түнкүсүн Ош облусунун кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош облусунун өрөөндөрүндө жана Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

7-январда күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

9-10-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

6-январда жана 7-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-январда күндүз, 8-январда жана 9-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-январда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

6-январда жана 7-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-январда күндүз жана 8-январда Чолпон-Ата шаарында кар жаашы күтүлөт, Каракол шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

9-январда түнкүсүн кар жаашы күтүлөт.

9-январда күндүз жана 10-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-январда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

6-7-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-январда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-10-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий