• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте милиция кызматкерлери жоголуп кеткен 11 жаштагы кызды таап беришти

Коом 0

Бишкек, 17.10.20. /Кабар/. Бишкекте милиция кызматкерлери жоголуп кеткен 11 жаштагы кызды таап беришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 16-октябрында болжол менен саат 21:15тер чамасында Бишкек шаардык милициясынын "102" кызматына Турусбеков көчөсүнөн өспүрүм кыз үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайыны жок деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты такташкан. Белгилүү болгондой, 32 жаштагы М.М. аттуу аял 2009-жылы туулган С.А. аттуу кызын издеп жүргөн.

"Чакыруу менен келген Милициянын кайгуул кызматкерлери Жолоочу уулу Э. жана Темиркулов Э. ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-аракетин жүргүзүп, көп узабай Чүй жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен кызды таап, ата-энесине аман-эсен өткөрүп беришти. Өз кезегинде кыздын апасы Милициянын кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине ыраазычылыгын билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий