• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эртең Бишкектин эки конушунда суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Эртең, 20-февралда Бишкектин эки конушунда суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Маалыматка ылайык, эртең саат 9.00дөн 15:00 гө чейин Мурас-Ордо жана Калыс- Ордо турак жай конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт.

Суу Мурас-Ордо, Калыс-Ордо суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алуусун суранат.

Пикир

Оставить комментарий