• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жыл аягына чейин кендерди иштетүүгө берүү үчүн сынак өткөрүү пландалууда

Коом 0


Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. Өнөр-жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитети 2019-жылдын аягына чейин кендерди иштетүүгө берүү үчүн 7 сынак өткөрүү пландап жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында аталган комитеттин төрага орун басары Карыбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, учурда жер казыналары боюнча жаңы мыйзамга ылайык документтер өкмөткө жиберилген.

"Алсак, бул жылы Сүлүктү жана Туюк-Каргаша көмүр кендерин пландап жатабыз. Сүлүктүдө 80 млн. тонна көмүр бар. Сынактын болжолдуу суммасы 8 млн. долларды түзөт. Туюк-Каргашада 35 млн. тонна бар. Ошондой эле 2 млн. тонна запасы бар гипс кенин иштетүү үчүн сынакка чыгарууну пландоодобуз. Ал 132 миң долларга коюлууда. Бул болжолдуу сумма. Шарттар дагы иштелип чыгат", - деди ал.

Ибраев белгилегендей, андан тышкары Ысык-Көлдөгү 17 тонна запасы бар Тоголок алтын кенин иштетүү үчүн сынак өткөрүү каралууда. Ал 24 млн. долларга коюлат.

Пикир

Оставить комментарий