• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ленин районунун башчысы жол жана тротуарлардын курулушунун жүрүшүн текшерди

Коом 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. Бишкектин Ленин районунун башчысы Жыргалбек Шакиев жолдордун жана тротуарлардын курулушунун жүрүшүн, көчөлөрдүн санитардык абалын, Фрунзе, Үмөталиев, Чүй, Токтогул, Москва, Бөкөнбаев жана Лев Толстой көчөлөрүндөгү ирригациялык тармактардын абалын текшерди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрүнө тротуарларды капиталдык куруу боюнча аткарылган иштердин сапаты боюнча бир катар сын-пикирлер айтылды.

Кыдыруунун жыйынтыгында район башчысы «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына талап кылынган курулуш нормаларына жана эрежелерине жана мамлекеттик стандартка ылайык аныкталган сын-пикирлерди жана кемчиликтерди дароо жоюу боюнча тийиштүү тапшырма берди.

Пикир

Оставить комментарий