• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт - 19-февралга карата аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 19-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт.

Кыргызгидрометтен билдиришкендей, 19-февралда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Жолдордо кар жаап, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы:

  • Чүй облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…-8,
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18, күндүз -5…-10,
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3,
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2,
  • Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы -12…-14, күндүз -4…-6 градус суук болот.

Пикир

Оставить комментарий