• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданынын ордуна "Москва-Сити" сыяктуу шаар куруу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданынын ордуна "Москва-Сити" сыяктуу борбор куруу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын коллегиясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ипподром үчүн жаңы жер тандалат. Азыр шаардын башкы архитектору жетектеген топ бул долбоорлордун үстүндө иштеп жатат.

"Биз шаардыктардын да, борбордун конокторунун да суктануусун жаратуу үчүн гармониялуу архитектуралык кооз жайларды курууну башташыбыз керек. Курулуш компаниялары өз пайдасын гана ойлошот: куту куруп, андагы батирлерди сатып, кетип калышат. Ошол эле учурда таштанды челектерин, унаа токтотуучу жайларды орнотуу үчүн жөнөкөй жерлерди да ойлонушпайт. Мындай болбойт. Курулуш компанияларынын ээлери өздөрү деле борбордо жашашат, ошондуктан бул жерде тартип орнотуу баарынын кызыкчылыгында", — деди Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий