• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте социалдык мекемелердин тарбиялануучуларына лыжа фестивалы уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. "ЗИЛ" лыжа базасында "Кыргызстан – тоо лыжасынын жана кышкы эс алуунун өлкөсү" салттуу XV кайрымдуулук фестивалы өттү. Бул тууралуу Туризм департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук фестивалына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, департаменттин директору Нурмухамед Миңбаев жана демөөрчүлүк кылган түрдүү уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Эдил Байсалов бүгүнкү күндө мамлекет туристтик тармакты, анын ичинде кышкы туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, бардык жарандарды кышкы туристтик спорт менен машыгууга чакырды.

Туризм департаментинин директору Н.Б. Миӊбаев кышкы туризм тармагында келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн белгилеп, фестивалды уюштурууга колдоо көрсөткөн өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын максаты Кыргызстанды спорттун кышкы түрлөрүнүн, туризмдин жана эс алуунун өлкөсү катары кеңири жайылтуу, ошондой эле жарандарды активдүү жашоо образына чакыруу жана калктын аялуу катмарын колдоо болуп саналат.

Анын алкагында кайрымдуулук мекемелеринен балдар жана чоңдор үчүн артисттердин жана аниматорлордун катышуусу менен музыкалык-концерттик программа уюштурулуп, оюндар жана конкурстар өткөрүлүп, балдарга өнөктөштөрдөн белек бечкелер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий