• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россиядагы элчи Жекшенкулов мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктар менен жолукту

Коом 0


Бишкек, 16.05.20. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов мекенге кайтуу маселесин чечип берүү өтүнүчү менен консулдук кызматка келген кыргызстандыктар менен жолукту.

Жекшенкулов жолугушууда Кыргызстанга алгач эки каттам менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, аялдар жана балдар кете тургандыгын айтып, калган жарандарды кайтаруу боюнча ар кандай варианттар карала тургандыгын кошумчалаган.

"Туура түшүнгүлө, аталган маселе чечилүүдө. Президент күн сайын бул маселе эмне болуп жаткандыгын сурап турат. Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз, президент да жардам бергенге аракет жасоодо. Колдон келген жардамды көрсөтөбүз. Бирок азыр ар бир улут өзүнүн кызыкчылыгын карайт, аны билесиңер. Андан тышкары, Соль-Илецктен барган 55 адамдан коронавирус чыкты, аны да билесиңер, оору жайылып кетпесин деп коркуп жатышат, баарын текшериш керек", - деп баса белгиледи Жекшенкулов.

Жекшенкулов өз сөзүндө элчиликте кызматкерлер жетишпей жаткандыгын билдирген. "Биздин кызматкерлер аэропортторго, хостелдерге, COVID-19 менен ооруган мекендештерге тамак-аш жеткирип жүрүп өздөрү да ооруп калышты. Россиядагы 1 миллион кыргызга 25 гана дипломат бар", - дейт элчи Жекшенкулов.

Пикир

Оставить комментарий