• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын шаарында коронавирус менен күрөшкөн кызматкерлердин арасында ооруну жуктуруп алгандардын саны көбөйүп кетти – мэр

Аймак 0

Бишкек, 16.05.20. /Кабар/. Нарын шаарында коронавирус менен күрөшкөн кызматкерлердин арасында ооруну жуктуруп алгандардын саны көбөйүп кетти. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров билдирди.

"Медицина кызматкерлеринин, коомдук тартипти караган милиция кызматкерлеринин арасында илдетке кабылгандар көбөйдү. Учурда 15 медицина кызматкери ооруп, изоляцияда жатышат. Алар үй-бүлө мүчөлөрү менен байланышта болгондуктан, алардын арасында да оору жуктурган 8 адам бар. Милиция кызматкерлеринин арасында 15 адам дарыланып жатат. Алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ичинен 10 киши ооруну жуктуруп алган. Өкүнүчтүүсү, төрөт үйүндө да медицина кызматкерлеринин, ал жакта жаткан айымдардын арасында илдетке кабылгандар болду. Төрөт үйүндө 13 адам – ал жакта жаткан 8 жана төрөт үйүнөн чыгарылган 5 адам ооруну жуктурган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий