• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта милиция мектеп окуучулары менен тегерек стол өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 15.12.20. /Кабар/. Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери №2 Дом-Ата мектебинде окуучулар менен терегек стол өткөрүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тартип сакчылары менен 10-11-класстардын окуучулары “Адам укугун коргойбуз, кылмыштуулукка жол бербейбиз” деген темада талкуу жүргүзүштү. Бул иш-чаранын алкагында окуучулардын чакан сахналаштырылган көрүнүштөрү көрсөтүлдү.

РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлору мектеп окуучуларын ар кандай кылмыш жана кырсыктардан алыс болууга чакырышты. Ошондой эле татыктуу билим алууга, келечекте мекенди сүйүүгө жана кызмат кылууга, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошууга үндөштү.

Пикир

Оставить комментарий