• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Радикалдашууну, эктремизмди жана улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Радикалдашууну, эктремизмди жана улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, - деп билдирет КР ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 20-апрелинде Чүй облусунун Москва районунда тиешелүү органдын өкүлдөрү "Радикалдашууну, эктремизмдин жана улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу; Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын жана материалдардын өзгөчөлүктөрү: жаштардын социалдык тармактар аркылуу азгыруусу; КРда диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы; Диний маселелер боюнча мыйзам актылары: укуктар жана милдеттер; Кыргызстандагы салттуу Ислам» аттуу темалар боюнча агартуучулук-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, лекцияларды окушту.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын улук ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери Манас Аманбаевдин айтуусунда, аталган профилактикалык иш-чаралардын негизги максаты жарандардын зомбулукка, экстремисттик же радикалдуу жана криминалдык топторго кошулуп кетүүсүн алдын алуудагы жергиликтүү бийлик органдарынын ролу, жаштардын маалыматтык коопсуздугу, жергиликтүү коопсуздук көйгөйлөрүн чечүү үчүн жарандык активдүүлүктүү күчөтүү багытында катышуучуларга керектүү маалыматтарды жеткирүү, баарлашуу, сунуш-пикирлерди алуу жана мындан аркы иш-чараларды уюштурууда тыгыз кызматташууну ишке ашыруу болуп саналат.

Иш-чаралардын жүрүшүндө катышуучуларга жогорудагы темалар боюнча кеңири даярдалган баяндамаларды, слайддарды көрсөтүү менен маалыматтар бирилди.

Өткөрүлгөн иш-чаранын экинчи этабында маалымат алмашуу, сунуш-пикирлерди алуу максатында суроо-жооптор жүргүзүлүп, сунуш-пикирлер угулду.

Ошондой эле иш-чаранын катышуучуларына ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан даярдалган ар түрдүү темадагы 700 ашык буклеттер таратылды. Жалпысынан өткөрүлгөн профилактикалык иш-чараларга 200 жакын катышуучу катышты.

Пикир

Оставить комментарий