• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Айыл чарбасын каржылоо – 10". "Айыл банк" 1,2 млрд сом насыя берди

Экономика 0


Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. "Айыл банк" ААК "Айыл чарбасын каржылоо – 10" программасы боюнча 1,2 млрд сом насыя берди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Айыл банк” ААКтын төрагасынын орун басары Жанар Норузбаев билдирди.

Анын айтымында, жалпы бөлунгөн сумманын 50%ы мал чарбачылыгына, 25%ы өсүмдүк өстүрүүчүлүккө жана 25%ы айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө берилиши керек.

"Бүгүнкү күнгө карата 1 млрд 231 млн сомго 2 миң 334 насыя берилди. Анын ичинен мал чарбачылыкка – 1 миң 309 фермерге 754 млн сом, өсүмдүк өстүрүүчүлүккө – 393 млн сомго 884 насыя, кайра иштетүү тармагына 41 чарбага 82 млн сом берилди", - деди Норузбаев.

Пикир

Оставить комментарий