• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мирлан Бакиров мамлекеттик ишканаларды реструктуризациялоо кандай жүрөрүн айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров мамлекеттик ишканаларды реструктуризациялоо кандай жүрөрүн айтып берди.

“Ала-Тоо 24” телеканалына берген маегинде Бакиров учурда фонд тарабынан мамлекеттик ишканаларды реструктуризациялоо боюнча механизмдер даярдалып жатканын билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө мамлекеттик ишканаларды реструктуризациялоонун алкагында менчиктештирүү, сатуу жана мамлекеттик мүлктүн статусун өзгөртүү күтүлүүдө.

“Менчиктештирүү сөзүн укканда эл арасында терс түшүнүк жаралат. Сөз мамлекеттик ишканаларды эффективдүү башкаруу, оптимизация тууралуу болуп жатат. Жарандар сатылат деп айтылгандан кийин дароо эле сатылып кетпестигин түшүнүшү керек. Анын өзүнүн процедурасы болот”, - дейт ал.

Бакиров белгилегендей, бүгүнкү күндө 104 мамлекеттик ишкана бар, алардын ичинен 38и өзүн камсыздап, киреше алып келет. Калгандары кагаз жүзүндө гана иштеп келет жана көбү жабылуу алдында турат.

“Быйыл 500 миллион сомдук план белгиленди. 20дан ашык мамлекеттик ишкананын мүлкү жана акциялары каралат. Ага убакыт талап кылынат, анткени көз карандысыз баа берилиши керек”, - деп түшүндүрдү ал.

Фонддун төрагасы ишканаларды менчиктештирүү үчүн мыйзамда каралган белгилүү шарттар бар экендигин маалымдады.

“Эгер акционердик коом болсо, анда акционерлер жалпы жыйында чечишет. Эгер улуттук объект болсо, анда Экономика жана каржы министрлигинен сунушу менен сот бийлиги тарабынан чечилет. Конфискацияланган мүлктөрдүн тагдырын өкмөт чечет. Ар бир иш ачык болушу зарыл”, - деди ал.

Мирлан Бакиров стратегиялык объектилер менчиктештирилбей турганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий