• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери чөгүп бараткан жигитти куткарып калышты

Аймак 0

Бишкек, 18.07.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери чөгүп бараткан жигитти куткарып калышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 2-батальонунун кызматкерлери ртур Ашимбаев, Эркинбек уулу Дүйшөнбек жана полктун Ош шаарында жайгашкан 3-батальонунун кызматкерлери Баатырали уулу Шерзат жана Эламан Мурзабеков Ысык-Көл облусунда кызмат өтөө учурунда сууга чөгүп бара жаткан жигитти көрүп, тез арада куткарып калышкан.

Куткарылган 27 жаштагы жигитке кызматкерлер биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматын чакырып өткөрүп беришкен. Куткарылган жаран Ош шаарынын тургуну болот.

Пикир

Оставить комментарий