• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров жумушчу сапар менен Жиддага келди

Президент 0


Бишкек, 19.07.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров 18-июлда Сауд Аравиянын Падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен өлкөгө жумушчу сапар менен келди.

Мамлекет башчысынын борту Жидда шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Аэропортто килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди.

Президент Садыр Жапаровду Меккенин губернатору Халид бен Фейсал Аль Сауд тосуп алды.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы “Борбор Азия - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши” аттуу мамлекет башчыларынын биринчи Саммитине катышат. Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда региондор аралык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Мындан башка сапардын алкагында президент Садыр Жапаровдун Булуңдагы араб мамлекеттеринин башчылары менен жолугушат.

Пикир

Оставить комментарий