• 88.68
  • 95
  • 0.95

12,7 миң жер тилкеге кызыл китеп, 15,8 миң жеке турак жайга техпаспорт берилди

Өкмөт 0

Бишкек, 18.07.23. /Кабар/. 17-июлда КР президентинин пдминистрациясында “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы боюнча президенттин тескемеси менен ведомстволор аралык жумушчу топтун отуруму болуп өттү.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топко жерге мунапыс берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана тездетүү, ошондой эле жерге мунапыс берүү комиссияларына арыз менен кайрылган Кыргызстандын он миңдеген жарандары үчүн шарттарды жеңилдетүү максатында жер мунапысынын ченемдик укуктук базасын өзгөртүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу милдети жүктөлгөн.

Бүгүнкү күндө жумушчу топтун 10 отуруму болуп өттү, анын ичинен 4 отурум КР Президенттин Администрациясында жана 6 отурум Аламүдүн, Сокулук райондорунда жана Бишкек шаарында өттү.

“Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна жер мунапысын жүргүзүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, айрым пункттарды тактоо, конкреттештирүү жана кайталанган ченемдерди алып салуу боюнча отурумдардын жыйынтыктары менен өзгөртүүлөр киргизилди. Арыз ээлерине кабарлоо убактысын кыскартуу, архитектуралык-пландоо документтерин жөнөкөйлөтүү, андан кийин аларды даярдоону тездетүү жана комиссиянын кароосуна киргизүү максатында тиешелүү пункттар жаңы редакцияда берилген.

Белгилей кетсек, буга чейинки ченемдик укуктук актылардагы айрым коллизиялар кездешип келгендигине байланыштуу, бул багыттагы иштер жеткиликтүү деңгээлде жүрбөй келген. Жаңы кабыл алынган Жобого ылайык, жерге мунапыс берүү процесстери жеңилдетилип жана тездетилген. Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө жарандардын сунуштары дагы эске алынган.

Жерге мунапыс берүү боюнча комиссияларга арыз бергенде жарандардан талап кылынуучу документтерге, арыздарды кароодо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан комиссиялар сураган корутундулардын түрлөрүнө, архитектура жана курулуштан корутундуларды жөнөкөйлөштүрүүдө дагы жеңилдиктер каралган.

Отурумдардын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

– “арыз алуу мөөнөтү 3 айдын ичинде” деген сөздөр алып салынып, жөнөкөйлөштүрүлгөн;

– Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жер мунапысын жүргүзүү тартиптери өзгөртүлгөн;

– КР Президентинин тапшырмасы менен аталган Жобонун 27-пункту күчүн жоготту деп таанылган;

– жумушчу топтун сунуштары менен жарандардын жер участокторуна болгон укуктарын каттоо жагы каралып, жеңилдетилген.

Жумушчу топтун берилген тапшырмасына ылайык, 2023-жылдын 14-июлундагы № 01-13/146 Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин “Чыӊалуусу 1000 вольттон жогору электр тармактарын коргоо эрежелерин бекитүү” жөнүндө буйругуна кол коюлган.

Мындан сырткары жумушчу топтун жасаган иштеринен кийин, бүгүнкү күндө “КАДАСТР” мамлекеттик мекемесинин маалыматына ылайык, 3 806,8 гектар жер калктуу конуштардын жерлерине которулуп (трансформацияланып), 12 752 жер участокторуна жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик актылар (кызыл китептер) жана 15 854 жеке турак жайга техникалык паспорттор берилди.

Жогоруда көрсөтүлгөн жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик актылардын (кызыл китеп) саны бир кыйла көп, анткени жарандар тарабынан “КАДАСТР” мамлекеттик мекемесинен жергиликтүү башкаруу органдары чыгарган токтомдорун каттоодон өткөрүшө элек.

Жерге мунапыс берүү жол-жобосун аяктоого тоскоолдук кылган көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында райондук мамлекеттик администрацияларга жер участокторуна салынган камак көйгөйлөрүн алып салуу боюнча сунуштар берилди.

Ошондой эле ведомстволор аралык жумушчу топтун отурумунда Чүй облусунун Сокулук районунун “Ак-Ордо 3”, Аламүдүн районунун “Үмүт” жаңы конуштарынын, Чүй районунун “Виноградный”, “Кара-Дөбө” айылдарынын өкүлдөрү жана жашоочулары катышып, бир топ маселелер талкуу болуп, жеринен чечилген.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн, катышуучулардын маалыматын угуп жана пикир алмашуу менен мамлекеттик органдарга жана административдик ведомстволорго төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

– Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык республиканын аймагындагы жер мунапыс объектилерине укуктарды каттоо, укук белгилөөчү документтерди жана техникалык паспортторду берүү алкагында жетишсиз иш алып барган райондорунун жетекчилерине тартиптик чара колдонууну;

– Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине тийиштүү жумушчу топ түзүү менен республиканын аймагына чыгып, жергиликтүү амнистия боюнча түзүлгөн комиссияларга түшүндүрмө берүүнү.

Ведомстволор аралык жумушчу топ жер мунапысын жүргүзүүдө жолтоо болгон башка тоскоолдуктарды жокко чыгаруу жана кыскартуу багытында иш алып барууну улантат.

Пикир

Оставить комментарий