• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чаткалда жол кырсыгынан улам унаа сууга түшүп, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 15.12.20. /Кабар/. Чаткалда жол кырсыгынан улам унаа сууга түшүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 14-декабрь күнү саат 19:54 чамасында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 110-чакырымында (Жаны-Базар айылы) Чаткал суусуна Жигули унаасы түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 37 жаштагы эркек киши каза болгон.

Жергиликтүү тургундар тарабынан маркумдун сөөгү унаадан чыгарылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий