• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аялдарга карата зомбулуктун бардык түрүн жок кылууга багытталган глобалдык демилге ишке ашырылууда – Соцөнүктүрүү министрлиги

Коом 0

Бишкек, 16.05.20. /Кабар/. Аялдарга карата зомбулуктун бардык түрүн жок кылууга багытталган глобалдык демилге ишке ашырылууда. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, БУУ менен тыгыз кызматташтыкта, “Spotlight” (Жарыктын нуру) демилгесинин алкагында аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун бардык түрүн жок кылууга багытталган узак мөөнөттүү глобалдык демилгесин ишке ашырууда. Программа ишке киргизилгенден тартып, пандемия абалында үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алууга же чечүүгө багытталган көптөгөн демилгелер ишке ашырылды.

“Ишенимдүү ыкчам байланышуу телефондорунун ишмердүүлүгү күчөтүлдү. Бүгүнкү күндө, психологдордон, үй-бүлөлүк терапия боюнча психологдордон жана балдар психологдорунан кеӊеш алуу үчүн чалууларды кайра багыттоочу 111, 112 ишеним телефондору иштеп жатат. Жарандардын эркин жүрүү укуктарын чектеген өзгөчө кырдаалдар жана кризистер кырдаалдар учурунда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдарга тез арада ар тараптуу жардам көрсөтүү үчүн мобилдик топторду түзүү боюнча иш жүргүзүлүп жатат. Аялдар үчүн коопсуз жайлар уюштурулуп, ал жерден медициналык, психиологиялык жана юридикалык жардамдар көрсөтүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий