• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР коргоо министри ЖККУнун башкы катчысы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-сентябрда КР коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Таалайбек Өмүралиев өзүнүн кириш сөзүндө бул жолугушуу Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 30 жылдык датасына туура келип отурганын белгилеп, мамлекетке колдоо көрсөтүп келаткандыгына ыраазычылык билдирди.

Андан сырткары, Коргоо ведомствосунун башчысы ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана ЖККУнун уставдык органдарынын кезектеги отурумуна киргизилүүчү мамлекеттер арасындагы документтердин долбоорлорунун процедураларын өз убагында аяктоого КР Коргоо министрлигинин даяр экендигин белгилеп өттү.

Жолугушуунун соңунда КР коргоо министри жүргүзүп жаткан масштабдуу иштери үчүн С.Заська ыраазычылыгын билдирип, Кыргыз Республикасында уланып жаткан иш сапарындагы иштеринде ийгиликтерди жана бекем ден соолук каалап өттү.

Пикир

Оставить комментарий