• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР ТИМ: Пермдеги курмандыктардын арасында кыргызстандыктар жок

Коом 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Пермдеги курмандыктардын арасында кыргызстандыктар жок, - деп билдирди КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Россия Федерациясынын Пермь аймагынын компетенттүү органдарынын алдын ала маалыматы боюнча, 2021-жылдын 20-сентябрында Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинде болгон окуяда жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

Эске сала кетсек, Россиянын Пермь мамлекеттик университетинде студент тарабынан ок атылып, сегиз адам курман болду.

Пикир

Оставить комментарий