• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КРнын 2023–2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясы боюнча иш-чаралар планы бекитилди

Президент 0

Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын 2023–2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын бекитүү тууралуу Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Документ КР президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын аткаруу максатында кабыл алынды, ал күчтүү жана туруктуу мамлекеттик башкаруу системасын түзүүгө багытталган.

Укуктук саясаттын концепциясы өзүнүн башкы максаты катары укуктук системаны жакшыртуунун багыттарын макулдашылган тандоо аркылуу мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууну белгилейт. Ал укуктук системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жана аны ишке ашыруунун формаларын, анын ичинде ченем жаратуучулук, укук колдонуу, укукту чечмелөө жана укук окутуучулук ишмердүүлүктү аныктоого багытталган.

Концепцияда укуктук ченемдерди түзүү жаатында орун алган көйгөйлөр, атап айтканда, процесстин системасыз жана башаламан ишке ашырылышы, ченем жаратууга борборлоштурулган системалуу мамиленин жоктугу, ошондой эле илимий коомчулуктун жана белгилүү профилдердин эксперттеринин жетишсиз тартылышы көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары, Концепцияда бардык мыйзам чыгаруучу органдар жана кызмат адамдары тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо зарылчылыгы белгиленген.

Жарлык Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкаруу институтун туруктуу жана системалуу өнүктүрүүгө жана мыйзам үстөмдүгүн камсыздоого карай маанилүү кадам болуп саналат.

2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында көз карандысыздыкты чыңдоого, ачык-айкындуулукту жана жарандардын сот адилеттигине жетүүсүн камсыздоого багытталган сот системасын реформалоо процессин улантуу белгиленген. Бул программанын алкагында олуттуу кадамдар жасалууда, бирок ченемдерди жаратуу, мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жана боштуктарды жоюу маселелери ачык бойдон калууда.

Укуктук саясатынын концепциясы ченем жаратууну жакшыртуу боюнча бир катар чараларды карайт, анын ичинде “E-ченем” электрондук порталын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды автоматтык түрдө жарыялоо жана жайгаштыруу механизмин киргизүү, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуусун милдеттүү түрдө бирдиктүү коомдук талкуу порталында өткөрүү.

Укук колдонуу практикасын жакшыртуу үчүн укуктун аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана мыйзамдардын натыйжалуулугун баалоо механизмин, укуктук (укуктук колдонуу) мониторинг жүргүзүү учурунда мыйзам чыгаруу, сот жана аткаруу бийлик органдарынын өз ара аракеттенүү механизмин иштеп чыгуусу каралган.

Концепцияда каралган чараларды ишке ашыруу Кыргыз Республикасында демократиялык, светтик, социалдык, укуктук мамлекетти курууга өбөлгө түзөт.

Пикир

Оставить комментарий