• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КСДПнын съезди марттын аягында же апрелдин башында болот – Айнакулов

Саясат 0

Бишкек, 12.03.18. /Мирлан Киизбаев – Кабар/. Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын съезди марттын аягында же апрель айынын башында болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Мухтар Айнакулов билдирди.

Анын айтымында, съезди өткөрүүнүн так датасы азырынча аныктала элек. “Съезд болжолдуу марттын аягында же апрелдин башында болот, бирок азырынча так маалым боло элек”,-деп билдирди Айнакулов.

Эске сала кетсек, КСДП партиясынын саясий съезди эки жолу жылдырылган. Күтүлүп жаткандай, алдыда боло турган съездде партиянын жаңы лидери тандалат, алдын ала маалыматтарга караганда ал экс-президент Алмазбек Атамбаев болот.

Пикир

Оставить комментарий