• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бердымухамедов Садыр Жапаровду ыңгайлуу убакта Түркмөнстанга келип кетүүгө чакырды

Саясат 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Кечээ, 28-январда КР тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Ш.Мередов менен кыска мөөнөттөгү сүйлөшүүсү болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүү учурунда элчи Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун Садыр Жапаровго КР президентинин кызматына киришүүсү менен куттуктоосун тапшырды.

Куттуктоодо Кыргызстан менен Түркмөнстанды кылымдардан бери келе жаткан достук, боордоштук жана ынак коңшулук мамилелер байланыштырып, учурдагы бийик деңгээлдеги өз ара ишеним жана түшүнүшүү эки тараптуу кызматташтыктын конструктивдүү өнүгүүсүнүн бекем негизин түзөөрү белгиленген. Ошондой эле, кыргыз-түркмөн мамилелерин жаңы бийик деңгээлге көтөрүү үчүн бардык аракеттерди жумшоого даяр экендиги билдирилген.

Эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар экендигин билдирип, Г.Бердымухамедов С.Жапаровду ыңгайлуу убакта иш-сапары менен Түркмөнстанга келүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий