• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аламүдүн районундагы "Кыргызстан" санаториясында өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунда 28-январда Малиновка айылында "Кыргызстан" санаториясынын аймагында эки кабаттуу иштетилбеген фин тибиндеги имараттан өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттүн жалпы аянты болжол менен 500 чарчы метрди түздү. Өрттү өчүрүүгө тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 11:31де чектөөгө алынып, саат 17:47де толук өчүрүлгөн.

Өрттүн себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталууда.

Пикир

Оставить комментарий